Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Педагог-илимпоздун 80 жылдыгына арналган кереге кеңеш өтүп жатат


Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Бейше Үрстөнбеков (Урстанбеков; 1938—1991).
Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Бейше Үрстөнбеков (Урстанбеков; 1938—1991).

Бүгүн (б.а. бугу (май) айынын 15инде) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) тарых жана чөлкөм таануу факультетиндеги музейде таанымал илимпоз жана педагог Бейше Үрстөнбековдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий кереге кеңеш (тегерек үстөл баарлашуусу) жана анын өмүр жолу чагылдырылган “Ак эмгекке байланган өмүр” аттуу жыйнактын бет ачары өткөрүлүүдө.

Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Бейше Үрстөнбеков (эмгектеринде: Бейше Урстанбеков; 1938—1991) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, археология сабагы боюнча дарс окуган адис, өлкөдөгү кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын тарыхын иликтөөчү, энциклопедиялык ж.б. сөздүктөрдү түзүүчү катары элдин эсинде калды.

Ал 1938-жылдын 16-майында азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Арал кыштагында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1967-69-жж. — Ош педагогикалык институтунда (азыркы ОшМУда) окутуучу, андан соң 1969-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КУУда окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп иштеген.

Бейше Үрстөнбековдун 80 жылдыгына арналган жыйнактын мукабасы (Түзүүчү Б.Орунбеков). 15.5.18.
Бейше Үрстөнбековдун 80 жылдыгына арналган жыйнактын мукабасы (Түзүүчү Б.Орунбеков). 15.5.18.

Б.Үрстөнбеков “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү” (1979), “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги” (1985), “Кыргыз ССРинде өнүккөн социализмдин тушунда кесиптик-техникалык билим берүүнүн өнүгүшү (1959-1970-жж.)” (1981), “Коло доору” (1986), жана СССРдин “Кайра куруулар” доорунда Т.Чоротегин менен калемдешип жазган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” эмгегин (1990) ж.б. чыгармаларды жарыялаган.

Илимпоздун ысымы өзү туулуп-өскөн Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG