Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Москвада оппозиционер Алексей Навальный бошотулду


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Москвада митинг маалында кармалган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Бул тууралуу ал өзү "Твиттердеги" баракчасына жазды.

“Алар “митинг уюштурган” жана “полицияга баш ийген эмес” деп эки протокол жазып беришти. Бирок сотко чейин бошотушту”,-деп билдирди Навальный.

Навальный жетектеген Коррупция каршы күрөшүү фондунун адвокаты Вероника Полякова “Интерфакс” маалымат агенттигине кабарлагандай, саясатчынын иши 11-майда Москванын Тверь райондук сотунда каралат.

Алексей Навальный кечээ өзү уюштурган “Ал бизге падыша эмес” деп аталган акция учурунда кармалган. Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында өткөн бул нааразылык акциялары учурунда өлкө боюнча 1600 адам кармалганын буга чейин “ОВД-инфо” укук коргоо порталы жазып чыккан. Алардын алды 25 суткага камакка алынды.

18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG