Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Орусияда митингде кармалгандардын саны 1600дөн ашты


Санкт-Петербург шаарындагы кармоо учуру.
Санкт-Петербург шаарындагы кармоо учуру.

“ОВД-инфо” укук коргоо порталы Орусияда өтүп жаткан “Ал бизге падыша эмес” деп аталган нааразылык акциялары учурунда кармалган адамдардын саны 1600дөн ашканын жарыялады. Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына байланыштуу бийликке каршы митингдер кечээ, 5-майда өлкөнүн он чакты шаарында өттү.

Булардын ичинен Москвада 704 кишини, Санкт-Петербург шаарында 229 адамды полиция кармап кеткен. Челябинскте болсо митингдин 164 катышуучусу кармалган. Якутск, Красноярск, Краснодар, Калуга жана Новокузнецк шаарларында да кармалгандар көп.

Санкт-Петербург шаарында нааразылык акциясынын катышуучулары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Митингчилер тосмолорду коюп, аскерлер тосуп турган аянтка өтүүгө аракет кылышты. Ал эми полиция митингчилерге күч колдонуп, союл менен уруп жатышты.

Саратовдо болсо макулдашылбаган акцияларда полиция өспүрүмдү кармаганы кабарланган. Москвада да 15 жаштагы окуучу кармалып, анын апасына айып салынды.

Кармалган адамдардын алды 25 суткага камакка алынды.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чакырган. Ал өзү да кечээ чыккан учурда кармалган.

18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG