Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Ошто беш айдан бери кыз зордуктап жүргөн жигит кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 24 жаштагы кызды коркутуу жолу менен зордуктап жүргөн ушул эле калаанын 26 жаштагы Т.Д аттуу тургуну колго түштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Шектүү кызды алгач былтыр декабрь айында зордуктап салган. Ал ошол учурдагы жыныстык катнашты “камерага тартып алганын, видеону Интернетке коюп, маскара кыларын” айтып, коркуткан. Натыйжада жабырлануучу кызды беш ай катары менен жыныстык катнашка мажбурлап, зордуктап жүргөн. Акыркы ирет 27-апрелде Ак-Буура дарыясынын боюнда ушундай ишке барган.

Кылмышка шектүүнүн мындай токтобогон аракеттерине чыдабаган кыз ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүн Ош шаардык соту анын бөгөт чарасын карайт.

Факты боюнча тиешелүү соттук-биологиялык, медициналык экспертизалар дайындалды. (ErN)

XS
SM
MD
LG