Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Иран боюнча талкуу күчөдү


Майк Помпео жана Биньямин Нетаньяху. Тел-Авив, 29-апрель, 2018-жыл.
Майк Помпео жана Биньямин Нетаньяху. Тел-Авив, 29-апрель, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгыш сапарында Иран боюнча катаал багытты карманууда. Анын сапары АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишим боюнча чечим кабыл алаар алдына туш келди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жекшемби күнү Тель-Авивдеги басма сөз жыйында билдиргендей, анын премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрүнүн басымдуу бөлүгү Иран тууралуу болду:

- Биз Ирандын Израилди коркутуулары күчөгөнүнө жана анын Жакынкы Чыгышта үстөмдүк жасоо мүдөөсүнө олуттуу тынчсызданып жатабыз. Ал эми Аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планы (2015-жылкы өзөктүк келишимдин расмий аты) боюнча президент Дональд Трамп абдан эле ачык айтты. Бул келишим абдан чоң жаңылыштык болгон. Президент аны оңдоого көрсөтмө берди. Эгер биз оңдой албасак, ал келишимден чыгат. Мурдагы администрациялардан айырмаланып, президент Трампта Иран боюнча Тегеран туудурган коркунучтардын бардык спектрине каршылык көргөзүүгө багытталган кеңири стратегия бар. Бул стратегиянын алкагында биз өзөктүк эмес коркунучтардын кеңири чөйрөсүнө каршы чара көрүү үчүн иштеп жатабыз. Алар: Ирандын ракеталык системалары, “Хезболла” тобун колдошу, Сирияга миңдеген согушкерледи алып баруусу, Йемендеги хусит козголоңчуларына жардам бериши.

Өз кезегинде жөөт премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын “агрессиясы токтошу керек” деп белгиледи.

Израилге чейин Сауд Аравияга барганда АКШнын мамлекеттик катчысы падыша Салман, ханзаада Мухаммед бин-Салман менен кездешти. Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин сауд тышкы иштер министри Адел ал-Жубеир:

- Биз мурда эле айткандай Сауд Аравия президент Трамптын Иранга карата саясатын колдойт. Сауд Аравия ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди оңдоо аракеттерин да колдойт. Биздин оюбузча Иран проблемасын ал баллистикалык ракеталар боюнча эл аралык конвенцияларды бузганы үчүн кошумча санкция киргизүү менен чечүү керек.

Майк Помпео Израилден соң Иорданияда болот. Анын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөргө сапары Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимге байланыштуу чечим кабыл ала турган учурга туш келүүдө.

АКШдагы мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске ар токсон күн сайын ырастап турууга тийиш. Мындан тышкары ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу да зарыл. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет.

Трамп жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет.

Мындан улам Трамп келишимге катышкан Франция, Британия жана Германиядан өзү атагандай, документтин “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Талабы аткарылбаса, келишимден чыгаарын да эскерткен.

Ангела Меркел жана Дональд Трамп. Вашингтон, 27-апрель, 2018-жыл.
Ангела Меркел жана Дональд Трамп. Вашингтон, 27-апрель, 2018-жыл.

Бул француз президенти Эммануел Макрон, немис канцлери Ангела Меркел өткөн аптада Ак үйгө барганда талкууланган негизги маселелердин бири болду. Иш сапарын аяктап жатып, Макрон "Трамп келишимде калат деп күтпөй турганын” айтса, Меркел Ак үйдөгү басма сөз жыйында 2015-жылкы келишим “мыкты болбосо” да Ирандын өзөктүк ишмердигин басаңдатууга салым кошкон “биринчи кадам” экенине токтолгон.

29-апрелде болсо британ премьери Тереза Мэйдин кеңсеси ал, Макрон жана Меркел 2015-жылкы келишим Ирандын "өзөктүк программасын ооздуктоонун эң жакшы ыкмасы" деген орток пикирде, "бирок башка маселелерди камтыш үчүн ал кеңейтиле алат" деп эсептешет, бул үчүн ич ара жана АКШ менен чогу иштешүүнү көздөйт деген билдирүү таратты.

Бул арада Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф АКШ президентинин келишимди оңдоо талаптарын четке какты:

- Бул боюнча Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы бар. АКШ өкмөтү да ал резолюцияны кабыл алдыргандардын бири болгон. Трамп мырза ошол милдеттенмени аткарбай бузууда. Милдеттенмесин аткаргандын ордуна ал Иран эли, келишимдин башка катышуучулары, буга кызыкдар тараптар үчүн кабыл алынгыс шарттарды коюп жатат, -деди Зариф 28-апрелде Москвадагы сапары учурунда.

Тышкы иштер министрлери Мохаммед Жавад Зариф жана Сергей Лавров. Москва, 28-апрель, 2018-жыл.
Тышкы иштер министрлери Мохаммед Жавад Зариф жана Сергей Лавров. Москва, 28-апрель, 2018-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри мурдараак эгер келишимден Вашингтон чыкса, Тегеран да чыгып, өзөктүк программасын жандандырарын эскерткен. Өзөктүк келишимдин башка эки катышуучусу: Орусия менен Кытай да анын оңдолушуна каршы экенин буга чейин билдиришкен.

2015-жылы Иран дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG