Ирандын президенти Хасан Роухани алты держава менен Тегерандын ортосундагы макулдашуунун укуктук жагы боюнча көз карашын билдирди. Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен француз лидери Эммануэл Макрон Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы макулдашууну иштеп чыгуу зарылдыгына токтолушкан.
“Европадагы өлкөнүн лидери менен америкалыктар “жети тарап жетишкен макулдашуунун тагдырын чечкиси келип жатышат” - деди Роухани 25-апрелдеги телекайрылуусунда.
Шейшембиде Трамп Макрон менен Ак үйдө жолукканда Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы макулдашуудан кеңири масштабдагы маселелерди камтыган жаңы келишимди сүйлөшүүнү баштоо тууралуу сөз кылышкан.
“Эмне үчүн?”, “Эмне укуктун негизинде?” – деп суроо койду Роухани. Иран лидери ошондой эле Трампты иш билбеген “соодагер” деп атады. “Эл аралык укуктан жана мамилелерден эч түшүнүгү жок. Соодагер, алып сатар, курулушчу эл аралык мамилелерде эмнени билмек эле” – деп сындады.
АКШга үч күндүк сапарга барган Макрон Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин “тынчсыздандырган бардык маселелерди камтыган жаңы келишим түзсө” болорун айткан.
Германиянын карнцлери Ангела Меркел дагы ушул апта соңунда Вашингтонго барып, Трамп менен сүйлөшөт.