Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Армения: өкмөт башчынын ыйгарым укуктары вице-премьерге өттү


Карен Карапетян төрагалык кылган өкмөттүн чукул жыйыны, 23-апрель 2018-жыл.
Карен Карапетян төрагалык кылган өкмөттүн чукул жыйыны, 23-апрель 2018-жыл.

Арменияда премьер-министр Серж Саргсян кызматтан кеткенин жарыялагандан көп өтпөй министрлер кабинети чукул жыйынга чогулуп, анда өкмөт башчынын ыйгарым укуктары анын биринчи орун басары Карен Карапетянга өткөнү белгилүү болду. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкөдөгү ири демонстрациялардан улам бир нече саат мурда премьер-министр Серж Саргсян кызматын тапшырган.

“Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем”, - деп жазылган Саргсяндын билдирүүсүндө.

Бул кабарды Еревандын борбордук аянтына чогулган жүздөгөн демонстранттар кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар менен кабыл алышты.

"Армения Республикасынын сыймыктуу жарандары, силер жеңдиңер",-деп билдирди бир күн тергөө абагына отуруп чыккан оппозициячыл депутат Никол Пашинян "Республика" аянтына чогулгандарга.

Пашинян менен Саргсяндын жекшембидеги түз эфирдеги сүйлөшүүсү үч мүнөткө жетпей үзгүлтүккө учураган. Саргсян оппозиция аны “шантаж кылып жатат” деп сүйлөшүүдөн чыгып кеткен.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялары 11 күндөн бери тыйылбай жаткан.

XS
SM
MD
LG