Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары күчөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган жаңы мыйзамдык ченемдер иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.

Бекназарованын айтымында, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Аларга ылайык, эгерде мурда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аял милицияга жеке өзү арызданышы керек болсо, эми мындай арыз менен кошуналары же зомбулукка күбө болгон ар бир адам кайрылууга укуктуу.

Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканын көргөн ар бир адам эми кийлигише аларын, алар милицияга арыз жазса ички иштер органдары сөзсүз көңүл бурууга милдеттүү экенин айтууда.

Мындай учурда милиция зомбулук көрсөтүп жаткан адамга 3 күнгө ордер жазып берет, эгер кордолгон аял кааласа ордердин мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартса болот.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып жашап келет. Мындай учурлардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. (RK)

XS
SM
MD
LG