Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Башка паспорт менен Казакстанга бараткан киши кармалды


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Акжол-автожол” өткөрмө бекетинде башка адамдын паспорту менен бараткан кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

42 жаштагы З.Н. көзөмөл пунктта бир тууган агасынын паспортун көргөзгөнү аныкталды. Сурак учурунда кармалган жаран өзү да айыбын моюнга алды. Ал анын өзүнө сот сыртка чыгууга тыюу салгандыктан тууганынын паспортун алып чыкканын билдирген.

Ал Казакстанга бараткан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

2017-жылы Кыргызстандын чек ара тилкесин ар кандай жагдайда бузуп өтүүгө аракет кылган 218 киши кармалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG