Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын резолюциясы четке кагылды


БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүү. 14-апрель, 2018-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүү. 14-апрель, 2018-жыл.

Коопсуздук кеңештин 14-апрелде Орусиянын талабы менен чакырылган чукул жыйыны өттү. Орусия сунуш кылган резолюциянын долбоорунда АКШ, Британия, Франциянын Сирияга жасаган аскерий соккусу “агрессия” катары айыпталган.

Добуш берүүгө келгенде резолюцияны Коопсуздук кеңешке мүчө он беш мамлекеттин үчөө эле колдоп, сегизи каршы чыкты, төртөө калыс калды.

Резолюция кабыл алынуусу үчүн кеминде тогуз өлкө колдоп, Коопсуздук кеңештин туруктуу беш мүчөсүнүн эч кимиси вето салбашы керек эле.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли жыйында “биз Сириянын химиялык курал программасын майып кылдык деген ишенимде турабыз, эгер Сирия режими акылсыздыгын көргөзүп биздин эркибизди сынагысы келсе, биз бул басымды калтырууга даярбыз”,- деп белгиледи.

Хейли “эгер Сирия режими уулуу газды кайрадан колдонсо” АКШ дагы сокку урарын четке каккан жок.

Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари АКШ, Британия, Франциянын 14-апрелдин таңындагы аскерий соккусуна түрткү берген окуяны козголоңчулар уюштурган “маскарад”, Орусиянын элчиси Василий Небензя үч өлкөнүн аракетин “ээнбаштык” деп атады.

АКШ, Британия, Франция Сирияга 14-апрелдин таңында сокку урду. Пентагондун маалыматы боюнча Сирияны карай 100 ашуун ракета атылып, бутага режимдин “химиялык курал программасына конкреттүү байланышы бар” жайлар алынды.

АКШ жана анын өнөктөштөрү 7-апрелдеги соңку химиялык чабуул деген окуядан улам Сирияга жооп кайтарууну бир аптадан бери караштырып жаткан.

Анда Дума шаарчасында хлор газы колдонулганда, оппозиция активисттеринин, жергиликтүү куткаруучулардын айтымында, 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында балдар да бар.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 адам «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген симптомдордон» жабыр тарткан. Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” деп мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болгон эмес деп ырасташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG