Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

Карасартова: сот системасы бийлик бутактарынан көз каранды


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова соттордун абалын талкуулаган жыйында соттор бийликтин тапшырмасын аткарып, саясатка жана экстремизмге байланышкан кылмыш иштерин көп карап жатышканын белгиледи:

- Экстремизм боюнча айыпталып, "Фейсбуктагы" бир айткан сөзү үчүн эле камалып жатышат. Минтип отурса Кыргызстанда элдин баары камалат. Муну айтсаң "жогорку жактан көрсөтмө" дешет. Ачык-айкындуулукту талап кылышыбыз керек. Бүгүнкү күнү сот реформасы ишке ашып кетишине толук мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстанда жарандык активисттер сот системасын сындап жүрүшөт. Алар буга акыркы эки жылда саясий себеп менен камалган саясатчылар көбөйгөнүн, сөз эркиндигине, журналисттерге карата мамлекеттик бийликте отурган адамдардын доо арызына ылайык, көп суммадагы айыппулдар салынышын мисал келтиришет.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин келген бийлик сот адилеттигин орнотууга убада берген. Бийлик судьялардын 60-70 пайызы жаңыланганын, алардын айлыгы көбөйүп, материалдык-техникалык шарттары жакшырганын айтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG