Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

АКШ: орус хакерлери энергетика тармагын мээлеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ энергетика жана суу системасы сыяктуу бир катар инфраструктура тармактарын бутага алган киберчабуулдар боюнча орус өкмөтүн күнөөлөдү.

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу менен Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, орус өкмөтүнүн хакерлери америкалык кардарлардын күнүмдүк муктаждыктарын камсыз кылган бир катар тармактардын системасын бузуп кирүүгө аракет кылышууда. Алар коммерциялык чакан ишканаларга вирустарды жөнөтүп, энергетика тармагын алыстан башкарууга мүмкүнчүлүк алууну көздөшкөн. Бирок 15-марттагы киберчабуулдар ири масштабдагы зыян тийгизген эмес.

АКШнын Финансы министрлиги 15-мартта орусиялык 19 кишиге жана беш уюмга каршы жаңы санкцияларды жарыялап жатып, бул кадамга себеп болгон жагдайлар катары орус хакерлеринин xабуулдарын атаган.

Орусия башка өлкөлөрдүн системаларына хакердик чабуулдарды уюштурбаганын буга чейин бир нече ирет билдирген.

XS
SM
MD
LG