Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Порошенко Орусияны “гибриддик согушка” айыптады


Петро Порошенко Мюнхендеги жыйында.
Петро Порошенко Мюнхендеги жыйында.

Украинанын президенти Петро Порошенко Орусияны Европадагы кырдаалды дестабилдештирүүгө, киберчабуулдарга жана гибриддик согушка жол ачып жатканына айыптады. Ал мындай билдирүүсүн Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференция маалында Украинадагы кризис талкууланып жаткан учурда жарыялады:

- Бүгүн биз Орусия баштаган гибриддик согуш акырындап глобалдык гибриддик согушка айланып баратканын моюнга алышыбыз керек. Бул согушта деструктивдүү ролду ойноп жатканын аңдабай көптөрү кошулуп алды. Бирок ал согуштун артында бир гана Кремль турат.

Порошенко гибриддик согушка мисал катары интернетте жалган маалыматтарды тараткан “троллдор армиясын" жана "үгүтчүлөрдү” атады. Ал мындай киберчабуулдар Европадагы өлкөлөргө, анын ичинде Украинага карата үзгүлтүксүз жасалып жатканын айтты. Ал ошондой эле украин жергесинде туруксуздук уюштуруу үчүн былтыр бул өлкөдө өткөн шайлоого Кремль “интернет вирусу” аркылуу киришкенин кошумчалады.

Петр Порошенко 2014-жылы Орусиянын Крымды аннексиялап алганы бул Москванын Украинага жасаган агрессиясы эмес, “бүткүл дүйнөлүк демократиялык эркиндиктерге жасаган олуттуу басымы” деп атады. Ал бул кадамдарды жасоо үчүн Орусия бардык куралды, анын ичинде өзөктүк куралды да колдонууга даяр экенин билдирди. Украин президенти “эгер Орусия Крымдан чыгып кетпесе жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоосун токтотпосо” Москвага карата санкцияларды дагы күчөтүүгө чакырды.

Киев буга чейин да Москваны Украинадагы саясий жана экономикалык кризистер үчүн күнөөлөп, өзүнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптаган. Орусия муну четке кагып, ага эч кандай далилдер жана себептер жок экенин ырастап келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG