Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Сот Жакупова менен Айыптын доону бөлүп төлөө өтүнүчүн четке какты


Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова бүгүн мурдагы депутат Чолпон Жакупова менен журналист Нарын Айыптын апелляциялык арызын карап, алардын экс-президент Алмазбек Атамбаевге доону бөлүп төлөө боюнча өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Чолпон Жакупова өзү “Азаттыкка” билдирди.

- Судья биздин экс-президентке дообузду бөлүп төлөө тууралуу өтүнүчүбүздү канааттандырган жок. Сот азыр уланып жатат. Президенттин өкүлү менин мүлкүмдү чукул сатып, доону өндүрүп берүүнү соттон талап кылып жатат. Сыягы Алмазбек Атамбаев Арашандагы үч кабат үйүнө батпайт жатат окшойт. Ага ошол үйү да жетпей, эми менин Ысык-Көлдөгү коттежимди тартып алууну кыялданып жатат окшойт.

Сот бүгүнкү процесс учурунда Нарын Айып жашаган үйдүн да үчтөн бир бөлүгүн сатуу боюнча маселени карап жатат.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган. Жакупова менен Нарын Айып Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан. Айыпталуучулар апелляциялык арыз каралган учурда камакка алынган мүлктү сатыкка коюу тууралуу жараянды токтото турууну өтүнүп, сот аны канааттандырган. Мүлккө байланышкан сотту судья 14-февралга калтырган.

Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Өлкөдөгү жана эл аралык бир катар уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны сөз эркиндигине басым катары баалашкан.

Кыргызстан журналисттеринин эркин биримдиги, 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG