Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Азербайжан: "Мусават" партиясы президенттик шайлоого катышпайт


Азербайжандын президенти Илхам Алиев
Азербайжандын президенти Илхам Алиев

Азербайжандын оппозициячыл “Мусават” партиясы мөөнөтүнөн эрте өтчү президенттик шайлоого бойкот жарыялады.

Бул тууралуу партиянын лидери Ариф Хажылы билдирди. “Мусават” өлкөдөги ири оппозициячыл партиялардын бири. Буга чейин дагы бийликке сын айткан Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши 11-апрелде өтчү шайлоого катышпасын жар салган.

5-февралда Азербайжандын президенти Илхам Алиев президенттик шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлык чыгарган. Негизи өлкөдө шайлоо 17-октябрда өтөт деп күтүлүп жаткан. Президент эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүрбөй, чечим мыйзам чегинде кабыл алынганын билдирген.

Кийинчерээк анын кеңешчиси Али Гасанов чечимди май айынан тартып күзгө чейин өлкөдө жергиликтүү жана эл аралык иш-чаралар өткөнү жатканы менен байланыштырган.

Оппозициячыл "Мусават" партиясынын лидери Ариф Хажылы муну Алиевдин башкаруусун дагы жети жылга узартуунун амалы катары сыпаттаган.

Саясатчы оппозицияга шайлоого даярданууга убакыт аз болорун белгилеген.(BkA)

XS
SM
MD
LG