Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Жээнбеков: Оор кылмышкерлерди бошоткон сотторго мыйзамдуу чара көрөбүз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда оор кылмыш жасагандарды бошотуп жаткан сотторго карата мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

“Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок. Бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатышса, кылмыш кылып жатса, мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон баардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз, сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем”, - деди президент.

Мамлекет башчы “бир ишти бир канча жыл караган, бир жылда сегиз эле иш караган соттор бар” деп кошумчалады.

Ошону менен катар Жээнбеков оор кылмыш жасагандардын абактан эрте чыгып кетип жатканына байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын ишин да сынга алды.

Кеңештин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG