Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жакындады


15-январда болсо Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңшиндеги 15 элчи Кабулда Ооганстандын жетекчилери менен жолугушуп кеткен.
15-январда болсо Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңшиндеги 15 элчи Кабулда Ооганстандын жетекчилери менен жолугушуп кеткен.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси ооган өкмөтү "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө жакындаганын билдирди. Никки Хейлинин 17-январда айтканына караганда, бул – АКШ былтыр кабыл алган Ооганстан боюнча жаңы стратегиянын жемиши.

Элчинини билдирүүсүнүн алдында "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Пакистанга барып, ооган бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырышканы тууралуу кабарлар чыккан.

15-январда болсо Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңшиндеги 15 элчи Кабулда Ооганстандын жетекчилери менен жолугушуп кеткен. Хейлинин айтымында, ооган расмий өкүлдөрү талиптер мурдагы позициясынан чегинип, сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга даярдыгын кыйыта баштаганын айтып беришкен.

"АКШнын Ооганстан стратегиясы иштеп жатат", - деген Хейли расмий Кабул согушкерлерге башпаанек берип жаткан Пакистан бийлигине кысым көргөзүүнү Улуттар уюмунан өтүнүшкөнүн кошумчалады.

Исламабад талип жоочуларын өз аймагында кабыл алып жатканын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG