Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

AI: Мурдагы советтик өлкөлөрдө ЛГБТ топторунун укугу бузулууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Эл аралык мунапыс" уюму ("Amnesty International") мурдагы советтик өлкөлөрдүн айрымдарында ЛГБТ укуктарын коргогон топторго каршы кастык мамиле күчөгөнүн билдирди. Уюм 22-декабрда жарыялаган баяндамасында ЛГБТ укуктарын коргогон топтор Арменияда, Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда барган сайын көбүрөөк дискриминацияга туш болуп жатканы белгиленген.

"Эл аралык мунапыс" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун басары Денис Кривошеев бул төрт өлкөдө салтуу эмес сексуалдык ориентациядагы адамдар мурдатан бери эле басмырлоого кабылып келгенин, бирок жагдай Орусия менен анын медиа каражаттарынын таасиринен улам күчөгөнүн айтты.

"Орусиянын ЛГБТ укуктарын Батыш баалуулуктарына теңеген идеясы башка аймактарга да бекем орноп жаткандай", - деди Кривошеев.

Орусия менен жакын мамиледеги төрт мамлекет азырынча эл аралык уюмдун баяндамасына жооп кайтарыша элек. Бирок бул өлкөлөрдөгү айрым расмий адамдар ЛГБТ укуктары боюнча дооматтарды буга чейин четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG