Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Мадумаров: НТСтеги талаш саясий эмес, чарбалык маселе катары чечилиши керек


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн маалымат жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Бул чарбалык доо кечээ пайда болгон жок. Бул башта “ВОССТ” компаниясы болгондон, Валерий Хондон бери келаткан доо. Эмнеге унчукпай отуруп бүгүн чыгып жатышат? Себеби бүгүн бийликке ыңгайлуу болуп калды. Мурда бийлик менен кол кармашып чогуу иштешкен. Ошондуктан соода жүрүп жатат. Мыйзам бузуу качан башталган, ошол жерден башташ керек, - деди Мадумаров.

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен. Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөн соң 20-декабрда соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алган.

Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен "Аянт" ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн.

Аталган компания жалдаган адвокат Елена Дзимидович компанияга 2 млн. доллардан ашуун инвестиция салганын жана аны кайтарып алуу аракети болуп жатканын бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал каналды жабуу максат эмес экенин кошумчалады. Бүгүн түш ченде каналдын имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөшкөн соң НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиа мекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG