Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Комитет: Соттор сөз эркиндигин басуу боюнча негизги куралга айланды


"Фергана.ру" сайты.
"Фергана.ру" сайты.

Кыргызстандагы “Сөз эркиндигин коргоо комитети” "Zanoza.kg" сайты боюнча соттун чечимине байланыштуу билдирүү таратты.

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтын негиздеген "ПроМедиа" фондунан жана анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслованын, ошондой эле “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын соттун чечими менен чегерилген сумманы бөлүп төлөө өтүнүчүн караган. Буга сот аткаруучулар каршы болуп, судья Кымбат Архарова арыз ээлеринин өтүнүчүн канааттандырган эмес.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” муну катуу, мыйзамсыз жана эч нерсеге негизделбеген, саясий чечим деп баалады. Ошондой эле комитеттин билдирүүсүндө Архарованын чечими сот реформасын жокко чыгарып, соттор сөз эркиндигин басуу боюнча негизги куралга айланганы жазылган.

- Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун келиши менен абал өзгөрбөй, сөз эркиндигин чектөө, саясий атаандаштарды куугунтуктоо жана бийликти сындагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев салган жолду улантып жатат, - деп жазылган билдирүүдө.

Комитет буга өкмөттүн журналист Элнура Алкановадан "Идеал Хаус" шаарчасына байланыштуу иликтөөнү төгүндөөнү жана коомчулук алдында кечирим суроону талап кылышын, "Kloop.kg" сайтынын шайлоо алдындагы көз боёомочулук боюнча иликтеген журналистинин УКМКга чакырылышын, “Франц Пресс” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтондун Кыргызстанга киргизилбей калышын мисал келтирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG