Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Өзбекстан Ош шаарына мектеп курат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан өкмөтү менен Ош шаарында жалпы билим берүү мектеп куруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, аталган документке быйыл 28-июлда Бишкек шаарында кол коюлган. Жогорку Кеңеш мыйзамды 7-декабрда кабыл алып берген.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстандын каржылоосу менен Ош шаарында 630 орундуу жалпы билим берүү мектеби салынат. Объект Кыргызстандын менчиги болуп калат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жана эртең Өзбекстанда расмий сапар менен болот. (NT)

XS
SM
MD
LG