Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

Президент маданият кызматкерлерине арналган үйлөрдүн курулушуна капсула салды


Капсула салуу учуру жана үйлөрдүн макети.
Капсула салуу учуру жана үйлөрдүн макети.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда, маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы турак жайлар курулчу жерди кыдырып көрүп, долбоордун башкы планы менен таанышып чыкты. Андан кийин президент маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн турак жай салуунун башталышы абдан маанилүү окуя экенин айтып, мындай социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл экенин баса белгилеген. Ал кошумча курулушту өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырма берди.

Маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга 340 миллион сом бөлүнгөн. Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу төрт турак жай 216 батирге эсептелген. (ErN)

XS
SM
MD
LG