Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

Босниялык серб колбашчысы Младич өмүр бою абакка кесилди


Ратко Младич сот залында ачууланып кыйкырууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Ратко Младич сот залында ачууланып кыйкырууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Босния сербдеринин мурдагы аскер башчысы Ратко Младич өмүр бою түрмөгө кесилди. Ал тукум курут (геноцид) жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн айыптуу деп табылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы Югославия боюнча трибуналы Босниядагы сербдердин 1992-95-жылдардагы согуш учурундагы колбашчысы Ратко Младичке беш жылга созулган соттук териштирүүдөн кийин өз өкүмүн бүгүн чыгарды.

Душмандары “Босниянын касапчысы” деп ылакап атка кондурган Младич тукум курут, адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыштары үчүн 11 пункт боюнча айыпталган эле.

Андай айыптардын эң башкысы - 1995-жылдын июль айында Босниядагы Сребреница деген жерде 8000дей мусулман эркектер менен балдардын өлтүрүлүшү менен байланыштуу.

Бул окуя Европада германдык нацисттердин жөөттөргө каршы кыргыны ("Холокост") алааматынан берки эң ири кыргын окуясы катары бааланып келет.

БУУнун трибуналы Младичке 1995-жылы эле айып таккан. Бирок бир нече жыл бою жашырынып жүргөн Младичти Сербиянын бийлиги 2011-жылдын май айында гана кармап, Гаага трибуналына өткөрүп берген. Сот жараяны 2012-жылы башталган.

Былтыр Гаага трибуналы Босниядагы сербдердин согуш учурундагы башчысы Радован Каражичти Младичтики сыяктуу эле күнөөлөр боюнча айыптап, анын ичинде тукум курут боюнча күнөөлүү деп таап, 40 жылга абакка кескен. Ал трибуналдын өкүмүн апелляцияга берген.

Мурдагы Югославиянын 1990-жылдардагы согуш учурундагы президенти Слободан Милошевич 2006-жылы эл аралык трибуналдын түрмөсүндө каза таап, ага өкүм чыкпай калган. (UE)

XS
SM
MD
LG