Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Грузия: жүзүм шарабынын тарыхын узарткан кумуралар табылды


Грузиянын Вазисубани айылындагы жүзүм терүү.
Грузиянын Вазисубани айылындагы жүзүм терүү.

Грузияда дүйнөдөгү жүзүм өстүрүүнүн жана андан шарап жасоонун тарыхын узарткан кумуралар табылды. Археологдор соңку табылгаларга 8 миң жыл болгонун, ага ылайык шарап жасоо мурда эсептелгенден 1000 жылга эрте башталганын билдиришти.

АКШнын Улуттук илимдер академиясынын журналына жарыяланган баяндамага ылайык, буга чейин Ирандын Загрос тоолорунда табылган химиялык далилдер Жакынкы Чыгышта жүзүм шарабы биздин заманга чейин 5 миң жыл мурда жасала баштаганын көрсөткөн эле.

Дүйнөдөгү алгачкы шарап 9 миң жыл мурда Кытайда күрүчтөн жасалган деп белгиленет. Грузияда табылган кумуралар болсо жүзүмдөн шарап жасоонун тарыхын айгинелеген эң байыркы табылга болуп калганын баяндаманын автору, Торонто университетинин илимий кызматкери Стивен Батюк билдирди.

XS
SM
MD
LG