Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Казанда мектептерде татар тилин окутуу талабы коюлду


Казандагы митинг
Казандагы митинг

Орусиянын Татарстан республикасынын борбору Казанда 6-ноябрда 150дөй адам жүрүшкө чыгып, аймактын мектептеринде татар тилин милдеттүү түрдө окутууну талап кылышты. Бул жүрүштү Татар коомдук борбору Татарстандын Конституциясынын 25 жылдыгына карата уюштурду.

Акциянын катышуучулары аймактын Баш мыйзамында татар тили орус тили сыяктуу эле мамлекеттик тил деп белгиленгенин эскертишип, Москвадагы жана Казандагы өкмөт өкүлдөрүн мыйзамды сыйлоого чакырышты. Алар ошондой эле бийликти бөлүштүрүү боюнча Москва менен Казандын ортосундагы келишимди жаңылоону талап кылышты.

Президент Владимир Путин 20-июлда Орусиянын курамындагы Мари Эл республикасындагы сапары маалында орус тектүүлөр чакан этностор жашаган аймактардын тилин үйрөнүүгө мажбурланып жатканын айткан.

"Кайсы бир адамды өз эне тили болбогон тилди үйрөнүүгө мажбурлоого, ошондой эле Орусиянын этностук республикаларындагы орус тилди үйрөтүү сааттарын кыскартууга болбойт", - деп билдирген Владимир Путин.

Бул айда Татарстандын прокуратурасы татар тилин милдеттүү түрдө окутуу федералдык мыйзамга туура келбейт деген бүтүмгө келген.

XS
SM
MD
LG