Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

Ливандын кызматтан чегинген лидери Иранды айыптады


Саад Харири
Саад Харири

Ливандын 4-ноябрда кызматтан чегинген премьер-министри Саад Харири Иран менен ага ыктаган "Хезболла" кыймылын өлкөдөгү туруктуулукту бузуп, араб дүйнөсүнө нааразылык толкунун жайылтып жатат деп айыптады. Харири Сауд Арабиядагы сапары маалындагы телекайрылуусунда өзүнө кол салуу болот деген кооптонуулардан улам кызматтан кетерин жарыялаган. Анын атасы мурдагы премьер-министр Рафик Харири 2005-жылы киши колдуу болгон эле.

Исламдын суннит багытын карманган 47 жаштагы Саад Харири Иран шииттерден турган "Хезболла" кыймылы аркылуу Ливандагы таасирин күчөтүп жатканын, расмий Тегеран бир мамлекеттин ичинде экинчи бир мамлекетти түзгөнүн айтты.

Эксперттердин баамында, Харинин соңку билдирүүсү Ливан өлкөсүнүн Саудия жетектеген сунниттер менен Иран башында турган шииттердин ортосундагы карама-каршылыкка дагы терең аралашуусуна алып келиши мүмкүн. Соңку кырдаал боюнча Иран бийлиги үн ката элек.

XS
SM
MD
LG