Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Нью-Йоркто теракт кылган кишинин аты-жөнү аталды


Терракттан кийин. 31-октябрь, Нью-Йорк
Терракттан кийин. 31-октябрь, Нью-Йорк

Алгачкы маалыматтар боюнча шейшембиде Нью-Йоркто жүк ташуучу унаа менен элди тебелеген адамдын аты-жөнү Сайфулло Саипов. 29 жашта. АКШга бир нече жыл мурун Өзбекстандан келип, Флорида штатында жашап турган. Ал жүк ташуучу унаа менен велосипедчен адамдар жүрүүчү тилкеге кирип барып, бир нече кишини тебелеп кеткен деп шектелүүдө. Полиция аны жарадар кылып, колго түшүрдү.

Бул кол салуунун айынан алты киши дароо набыт болуп, дагы экөө ооруканада каза тапты. Кеминде 11 киши жараат алды. Бийлик өкүлдөрү 31-октябрда чукул өткөрүлгөн маалымат жыйынында бул окуяны "террордук чабуул" деп айыпташты.

АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасында кол салуудан өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, "Террордук топтор Жакынкы Чыгышта жана башка жактарда жеңилгенден кийин, биз аларды өлкөгө кайра кайтып келишине жол бербешибиз керек. Жетишет!" деп жазды.

XS
SM
MD
LG