Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:47

Булан институту: Мектептер акчаны мажбурлап чогултууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тынчтык инновациялар боюнча Булан институту бүгүн "Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу муктаждыкпы же коррупциябы?" деп аталган баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кыргызстандагы орто мектептердин бюджети, башка каржы булактары, муктаждыктары, акча чогултуулардын түрлөрү, ата-энелерден акча топтоо зарылдыгы барбы деген суроолор талдоого алынган.

Маалыматка караганда, акыркы жылдары айрыкча шаар мектептеринде билим алган балдардын ата-энелеринин арасында нааразылык күч алган.

Бишкектеги мектептерде акча чогултуу өзгөчө көп жана алардын Камкордук кеңеш алдындагы коомдук фондго, имаратты оңдоп-түзөөгө, класстык куржунга деген түрлөрү бар. Баш калаадагы мектептердин 98 пайызында Камкордук кеңештер ачылып, анын астында коомдук фонддор түзүлгөн, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, банктан эсеп ачып алышкан.

"Ата-энелер өз ыктыяры менен түзгөн, аны өзүлөрү гана башкарат дегени менен бул коомдук фонддорго мектеп директорлорунун таасири күчтүү. Мектептерде мугалимдер акча алып келбеген балдарды урушуп, классташтарынын алдында кемсинткен учурлары кездешет. Булан институтуна маек курган ата-энелердин басымдуу бөлүгү камкордук кеңештерге ыктыярдуу эмес, мугалимдер талап кылган үчүн акча берүүгө аргасыз экендиктерин айтышты" деп жазылган баяндамада.

Аталган институттун баяндамасы бир нече бөлүктөн турат. Анда мектептерде класстык куржун деп акча топтоо, кирүү взносун алуу мыйзамсыз экени, ремонт жасоо түйшүгү ата-энелердин моюнуна илинип калганы белгиленген. Иликтөө эки айга созулган, ага тогуз журналист жана институттун үч адиси катышкан.

Билим берүү жана илим министрлиги Булан институтунун бул иликтөөсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ушу тапта Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар, аларда 1 миллион 73 миң окуучу билим алууда. (NT)

XS
SM
MD
LG