Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Жон Кеннеди тууралуу купуя документтер азырынча жарыяланбайт


Жон Кеннеди
Жон Кеннеди

АКШ президенти Дональд Трамп президент Жон Кеннединин өлтүрүлүшү боюнча айрым купуя документтерди ачыкка чыгарууну азырынча токтото турууну чечти.

Бирок Мамлекеттик архив 3 миңге жакын жашыруун документтерди 27-октябрда жарыялаган. Ак үйдүн маалыматы боюнча Трамп Федералдык иликтөө бюросу жана Борбордук чалгындоо кызматынын тынчсыздануусуна кулак салууга аргасыз болгонун билдирди.

Атайын кызматтарга алты ай ичинде ошол ишке тиешеси бар документтерди жакшылап карап чыгуу тапшырмасы берилди.

План боюнча Улуттук архив 26-октябрда мурда эч качан жарыяланбаган 3 миңдей документти жана жарым-жартылай жарык көргөн 30 миңден көп файлды шардана кылмак.

Бирок адистер 1963-жылы 22-ноябрында болгон окуя боюнча документтерде жаңы деталдар камтылган эмес деп эсептешет. Мыйзам боюнча тышкы саясат, атайын кызматтардын жана тартип коргоочулардын иш-аракеттерине тиешелүү жашыруун досьелер чыгарылбайт.

Кеннединин киши колдуу болушу көптөгөн конспирологиялык теорияларды жараткан. Расмий версия боюнча президентти Даллас штатында атып өлтүргөн Ли Харви Освальд жалгыз аракеттенген.

XS
SM
MD
LG