Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Коллеж жетекчисинин өлүмүнө шектүү камакта калды


Караколдо Медициналык коллеждин жетекчисинин өлүмүнө шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды. Мындай чечим Каракол шаардык сотунда 23-октябрда кабыл алынды.

Соттук отурумда далил заттар боюнча соттук-биологиялык экинчи экспертизанын жыйынтыгы көрсөтүлдү. Анда биринчи экспертизага караганда бир топ айырмачылыктар чыккандыктан эксперттер чакырылган. Бирок алар келген жок. Кийинки соттук отурум 25-октябрга белгиленди.

Соттолуучунун адвокаттары анын ден соолугу начарлап жатканын жүйө келтирип баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну суранышты. Бирок мамлекеттик айыптоочу каршы чыгып, оор кылмыштын баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калышы керектигин эскертти. Натыйжада сот баш коргоо чарасын ошол бойдон калтырды.

2016-жылдын 17-ноябрында Каракол шаарындагы Медициналык коллеждин директору Анарбүбү Абсалиева өз үйүндө киши колдуу болгон. Маркумдун денесине бир нече жолу бычак сайылган. Көп өтпөй кылмышкашектелип коллеждин бухгалтери болуп иштеген аял кармалган болчу. (AsM)

XS
SM
MD
LG