Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Каракол: директордун өлүмү боюнча сот создугушуна нааразылык айтылды


Соттун алдына чогулгандар
Соттун алдына чогулгандар

Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык колледждин директору Анарбүбү Абсалиеванын өлүмү боюнча сот создугуп жатканына нааразы болгон маркумдун жакындары жана айыпталуучу тараптын өкүлдөрү Каракол шаардык сотунун имаратына чогулушту.

Бүгүнкүгө дайындалган сот отуруму өтпөй, 23-октябрга жылганы белгилүү болду. Ага нааразы болгон маркумдун жакындары айыпталуучу тарапка сотту создуктуруп жатат деп доомат коюшту.

"Сот отурумун бир аптада эки жолу дайындап жатат. Бирок ошол деле үзгүлтүккө учурап келатат. Же жактоочусу келбей калат же өзү жыгылып калат же дагы бирөөнүн кан басымы көтөрүлүп кетет. Ушинтип эле жылып келатат", - деди маркумдун сиңдиси Айсулуу Муканбетова.

Ал эми айыпталуучу тарап сотту создуктуруу ниети болбогонун билдирди. Алар шайлоого байланыштуу конвойлор бошобой калгандыктан сот жылып жатканын, өздөрү да соттун өтүшүнө кызыкдар болгонун айтышты.

"Шайлоого карата конвой жок деди, ансыз сот отуруму болбойт экен. Ага чейин жарандык иштер карала берет дешкен. Бирок антейин десең отурум болуп эле жатат. Өткөндө эки милиция кызматкери пара менен кармалышкан. Менин аялым төшөктө ооруп жатат. Анан эмне үчүн аларга мыйзам иштейт, менин аялыма иштебейби? Милиция жок деп жатышат", - деди айыпталып жаткан аялдын күйөөсү Нурлан Бейшембиев.

Шаардык сот да бүгүн конвойлор бошобой калгандыктан сот отуруму кийинкиге калганын билдирди.

2016-жылдын 17-ноябрында Каракол шаарындагы медициналык колледждин директору Анарбүбү Абсалиева өз үйүндө киши колдуу болгон. Маркумдун денесине бир нече жолу бычак сайылган. Андан көп өтпөй кылмышка шектелип колледждин бухгалтери болуп иштеген аял кармалган болчу. (AsM)

XS
SM
MD
LG