Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар добуш берүүдө

15-октябрдагы президенттик шайлоого чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандыктар да добуш берүүдө. Чет мамлекеттерде жалпысы болуп 37 шайлоо түйүнү түзүлгөн. Аларда катталган добуш берүүчүлөрдүн саны - 18 580 киши.

Чет мамлекеттерде консулдук каттоосу бар жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган кыргызстандык жарандар гана шайлоого катыша алышат.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта Орусиянын Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында, Жапония, Корея, Кытай, Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстанда шайлоо түйүндөрү толук кандуу иштеп жатат.

Ошондой эле Азербайжанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Иранда, Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында, Түркиянын эки жеринде - Анкара менен Стамбул шаарларында, Беларуста, Сауд Арабиясында, Катарда, Кувейтте, Украинада, Швейцарияда, Бельгияда, Австрияда жана Германиянын Берлин, Бонн, Франкфурт шаарларында шайлоо өтүүдө.


XS
SM
MD
LG