Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Белгисиз кыздын мумиясы жерге берилди


Баткен. 14-октябрь, 2017-жыл
Баткен. 14-октябрь, 2017-жыл

1970-жылдардан бери борбордук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге коюлду. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук тарых музейине алып келинген.

Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып, көмүүнү чечим кылган.

Мумияны жерге көмүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айрым окумуштуулар катышууда. Бирок көпчүлүк археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан.

Айрым маалыматтар боюнча, мумия кыргыздын уламыш-легендаларында айтылып жүргөн Мактым сулууга таандык болушу мүмкүн.(JsA/ZKo)

Баткен: музейдеги мумия жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

XS
SM
MD
LG