Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Казак премьери Атамбаевдин сөзү боюнча билдирүү жасады


Бахытжан Сагинтаев.
Бахытжан Сагинтаев.

Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаевдин билдирүүсүндө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 7-октябрдагы сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу туура эмес маалыматтарды айтканы белгиленген.

"Кыргызстан президентинин шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз, чагымчыл жана калп ырастоолору эки өлкөнүн көп кылымдардан бери келе жаткан достук жана кызматташтык мамилесине зыян келтирбеши керек деп ишенем" деген Сагинтаев Казакстандын экономикасы эгемендик жылдары 20 эсеге өскөнүн баса белгилеген.

Ошондой эле 2012-жылы Казакстан дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 50 өлкөнүн катарына киргени, «Doing Business» рейтинги боюнча 35-орунда турганы айтылат билдирүүдө.

"Батыш Европа - Батыш Кытай" континенттер аралык магистралдын казак тарабы курулуп бүткөнүн, 2,5 миң чакырымдан ашуун жаңы темир жол курулганын, 10 миң чакырымдан ашуун автожол курулуп жана оңдолгонун, 1,1 млн казакстандык үй-бүлөнү үйлүү кылган 120 млн чарчы метр турак жай курулганын, мамлекеттик түрдүү программалардын негизинде жаш муундарга мыкты окуу жайлардан билим алууга шарттар түзүлгөнүн, жыл сайын жаңы жумуш орундары түзүлүп жатканын, акыркы он беш жылда орточо айлык акы менен пенсия он эседен ашуун көбөйгөнү айтылат Сагинтаевдин билдирүүсүндө.

Казак өкмөт башчысы президент Нурсултан Назарбаевдин көрөгөчтүгү менен борбор калаа Астананы курууга 50 млрд доллар жумшалганы, учурда шаардын тургундарынын саны 1 миллиондон ашуун экени, 2000-жылы президент Назарбаев тарабынан түзүлгөн алтын-валюта корунун бүгүнкү көлөмү 91 млрд долларды түзөрү да белгилеген.

"Мына ушул ийгиликке жетишүү жылдары Казакстан кыргыз эли менен чогуу болуп, өзгөчө оор кырдаалдарда кыргыз жетекчилигинин өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле жасады. Социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө колдоп, азык-түлүк баштаган гуманитардык жардамдарын аяган жок. Кыргызстан ЕАЭБге кирерде казак президенти тарабынан 10 млн доллар техникалык жардам берүү чечими кабыл алынган. Гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 20 млн доллар бөлүнгөн. Ошто жана Бишкекте эки мектеп курулган. Кыргызстандын экономикасына Казакстандан 820 млн доллар акча инвестиция салынган" деп айтылат казак премьер-министринин билдирүүсүндө.

Бахытжан Сагинтаев учурда Кыргызстандын 125 миң эмгек мигранты Казакстанда катталып, жашап жатышканын, алар казак мамлекети тарабынан социалдык жана медициналык жактан камсыздалганын кыстарып кеткен.

Казакстандын премьер-министри сөзүн "кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин бир нече жолку жагымсыз чабуулдарына карабай, казак өкмөтү мындан ары да Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты активдүү тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү көздөйт" деп жыйынтыктаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда Бишкекте Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда шайлоо өнөктүгү тууралуу да сүйлөп, ага катышып жаткан талапкерлерди жана казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган.

Анда Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Бабанов менен жолукканын сындап, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казактандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазуулардын мазмунуна токтолгон.

Президент Атамбаев казак бийлигин сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00

Шайлоодо бийликтин талапкерине негизги атаандаш катары каралып жаткан талапкер Өмүрбек Бабанов президент Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан мамлекет башчысынын расмий сайтына 19-сентябрда жарыяланган. Буга расмий Бишкек кескин нааразылыгын билдирген жана Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда Казакстанга протест нотасын жөнөттү. Талапкер Бабанов өзү Казакстандын президенти менен жолугушуусунда эч кандай жаман нерсе жок экенин жана мыйзамды бузбаганын билдирип келе жатат.

Сариевдин штабы болсо Сариев менен Утемуратовдун сүйлөшүүсүнүн жаздырылып алып чыгарылганын "кара пиар" деп атады.

XS
SM
MD
LG