Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:13

БУУнун баш катчысы күрт референдумуна каршы чыкты


БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш.

Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү планына каршылыгын билдирди. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 25-сентябрга белгиленген бул референдум "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун жок кылуу жана согушкерлерден бошотулган шаарларды кайра куруу аракетине шек келтирерин жекшемби күнү айтты.

"Баш катчы Ирактын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сыйлайт жана Күрт аймактык өкмөтүнүн маселеси диалог жана конструктивдүү компромисс аркылуу чечилиши керек деп эсептейт",-деп билдирди БУУнун басма сөз өкүлү Стефан Дуяррич.

Ирактын Күртстан автономдуу аймагынын депутаттары расмий Багдаддын каршылыгына карабай, көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүүнү чечишкен.

Күрт азчылыктары жашаган Түркия, Иран сыяктуу коңшу өлкөлөр да бул референдумга каршы чыгышкан. Батыш өлкөлөрү күрт референдуму чөлкөмдөгү чыңалууну күчөтөт деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG