Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Башкыртстанда башкыр тилин милдеттүү окутуу талап кылынууда


Башкыртстандагы мектептердин бири.
Башкыртстандагы мектептердин бири.

Орусиянын бул республикасынын мектептеринин баарында башкыр тили кайрадан милдеттүү окутулушун расмий каттоодон өтпөгөн улутчул топ талап кылууда. “Башкорт” деп аталган уюмдун сайтында алардын активисттери жана колдоочулары 16-сентябрда Уфанын борборуна демонстрацияга чыгары жарыяланды.

Активисттердин айтымында, митинг шаар бийликтери 16-сентябрда Уфанын борборуна чогулууга уруксат бербегенине карабай өткөрүлмөкчү.

Мурда Башкыртстандын мектептеринде орус тили да, башкыр тили да милдеттүү окутулчу. Бирок быйылкы окуу жылынан тарта ата-энелерге биринчи жолу эркин тандоо укугу берилген.

Башкыртстандын аймактык башчысы Рустем Хамитовдун 14-сентябрда билдиргенине караганда, ата-энелердин 75% балдарын башкыр тилинде окутууну тандаган.

Башкыртстандын 4 миллион калкынын үчтөн бири башкырлар, 39% орустар, 25% татарлар.

Орто мектептерде балдарын башкыр тилинде милдеттүү окутуудан баш тартуу укугу ата-энелерге президент Владимир Путиндин быйыл августтагы көрсөтмөсүнөн кийин берилген. Анда Путин Башкы прокуратурага этникалык республикаларда орусиялыктардын балдары жергиликтүү тилди үйрөнүүгө мажбурланып жатканын текшерүүнү тапшырган. Анын алдында июль айында Марий эл республикасында болгон учурунда Путин “кимдир бирөөнү башка тилди үйрөнүүгө мажбурлоого, ошондой эле этникалык республикаларда орус тилинин сааттарын кыскартууга жол берилбеши керектигин" белгилеген.

Путиндин бул билдирүүсү жана Башкы прокуратурага берген көрсөтмөсү орус тилдүү ата-энелерди орус тилинен башка тилдерди милдеттүү окутууну токтотуу боюнча чакырык жасоого түрткөн.

Татарстандын Билим берүү министрлиги 7-сентябрда татар тилин милдеттүү окутууну токтотуу боюнча чакырыктар орус тили менен катар жергиликтүү тилдин да расмий макамын кепилдеген республикалык жана федералдык мыйзамдарга каршы келерин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG