Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Кыргызстандын Миграция кызматы “Росгосстрах” менен келишим түздү


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарды камсыздандыруу максатында Орусиянын “Росгосстрах” компаниясы менен келишим түздү.

Аталган кызматтын расмий сайты кабарлагандай, долбоордун негизги максаты - Кыргызстандын жарандарынын Орусияда медициналык жардам алуусуна жана жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү. Келишимге ылайык, камсыздандыруудан өткөн Орусиядагы мекендештер дарыланып, ден соолугуна байланыштуу меджарам алууда жеңилдиктерге ээ болот.

“Росгосстрах” менен келишимди Мамлекеттик камсыздандыруу кызматы да түздү.

Миграция кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күндө Орусиянын аймагына кирип жаткан жарандарда медициналык камсыздандыруу болушу шарт.

Расмий маалымат боюнча Орусияда 600 миңден ашык Кыргызстандын жараны эмгектенип жүрөт.

XS
SM
MD
LG