Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:22

Иран Бирмадагы рохинжалар кабылып жаткан зомбулукту айыптады


Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.

Калкынын негизги бөлүгүн мусулмандар түзгөн мамлекеттер 4-сентябрда жасаган билдирүүлөрүндө Улуттар Уюмунан Бирмадагы рохинжа мусулмандары кабылып жаткан зордук-зомбулукка каршы чара көрүүгө чакырды. Иран 4-сентябрда Бирмадагы окуяны "этникалык тазалоо" деп атаса, Түркия окуяны "геноцид" деп атады.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын маселени БУУнун Башкы ассамблеясында көтөрүү чакырыгын колдоду. Твиттерде жазган билдирүүсүндө Зариф "рохинжа мусулмандарына каршы уланып жаткан зомбулукка глобалдык коомчулук унчукпай жатканын" сынга алды.

Он миңдеген рохинжаларды качууга аргасыз кылган азыркы тополоң 25-августта башталган.

Мьянма бийликтери бул үчүн рохинжалар арасынан чыккан козголоңчуларды айыптап, алар 25-августта ондогон полиция бекеттерине жана армия базасына координацияланган кол салуу жасаганын билдирүүдө. Андагы кагылыштардан жана армиянын контрчабуулунан өмүрү кыйылгандардын саны кеминде 400 адамга жетип калды. Бангладешке үй-жайын таштап качууга аргасыз болгондорун саны 90 миң чамалуу экени айтылууда.

Буддисттер басымдуулук кылган Мьянмадагы диний азчылык - рохинжа мусулмандарынын жалпы саны 1,1-1,3 миллиондун тегерегинде.

XS
SM
MD
LG