Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

БУУ Тажикстанды чет өлкөлүктөр менен никеге чектөөнү алууга үндөдү 


Иллюстрация.
Иллюстрация.

БУУ Тажикстан бийлигин тажик кыздарынын чет өлкөлүктөр менен нике курушуна киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырды. 28-августта Женевада БУУнун "Расалык дискриминацияны жоюу" комитетинин 93-сессиясы аяктады. Жыйындын жүрүшундө аталган комитеттин өкүлдөрү Тажикстандагы нике чектөөлөрүнө кайрылып, бул жагдай адам укуктарын, анын ичинде түгөй тандоо укугун одоно бузарын белгилешип, бийликти сынга алышты.

Тажикстандын юстиция министри Рустами Шохмурод "Үй-бүлө" кодексине өзгөртүүлөр чет өлкөлүк жарандар тараптан сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүп кеткенден кийин кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, никеге туруу жол-жобосун катаалдаштыруу менен өлкө жарандарынын укуктарын коргоого мүмкүндүк түзүлдү.

БУУнун комитетинин жыйынында Тажикстандын делегация мүчөлөрү акыркы беш жылда өлкөдө расалык басмырлоо белгилери боюнча бир дагы кылмыш иши козголбогонун маалымдашты.

XS
SM
MD
LG