Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Медиа: Акыйкатчы "Сентябрь" каналы боюнча тынчсыздануусун билдирди


Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев "Сентябрь" телеканалын жабуу боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирди. Омбудсмендин басма сөз кызматы 28-августта тараткан билдирүүгө ылайык, каналдын ишмердигин токтотуу туура эмес болгону көрсөтүлгөн.

Билдирүүдө сот тарабынан "экстремисттик ишмердикке байланыштуу" деп көз карандысыз сыналгы каналга карата чечимдин чыгарылышы ашыкча айыптоого негизденгендиги айтылат.

Башкы прокуратура мурда Жалал-Абат шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы ​"Сентябрь" сыналгы каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. ​ Аталган канал бул доолорду негизсиз деп санаарын билдирген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-августта "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Каналдын жамааты мындан ары өз ишмердигин "Жалбырак ТВ" деген аталышта улантаарын 28-августта жарыялады. (SE)

XS
SM
MD
LG