Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:50

Текебаев: Прокуратура жана УКМКнын жалааларынын баарын жокко чыгардык


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралды. Cотто Өмүрбек Текебаев акыркы сөзүн айтып бүттү. Ал 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки саясаттагы окуяларга кайрылып, парламенттик шайлоодон соң ошол кездеги экс-президент Роза Отунбаева парламентте көпчүлүк коалиция түзүү мандатын өзүнө тапшырганын, бийликтин баарын бөлүштүрүү милдетин да өзүнө жүктөгөнүн, бирок андан баш тартканын, эгер мыйзам бузайын деген ниети болсо ошондо эле тиешелүү кызматтарга өз кишилерин коюп алмактыгын айтты. Коалиция түзүүнү Өмүрбек Бабановго берүүнү Отунбаевага сунуштаганын белгиледи. Укук коргоо органдары таккан айыптар далилденбегенине токтолуп, сотту адилеттүү болууга чакырды:

- Мына бизде тарыхый үлгү боло турган инсандар башка тармактарда бар. Соттун арасында акыркы 50 жылда же 20 жылда ушундай бирөө чыкты беле? Сот системасындагы калыптанып калган жаман адаттарга, салттарга, тартиптерге каршы болуп, "туугандар мындай болбойт, эл бизге ишенбей жатат, мыйзам, адилеттүүлүк бузулуп жатат, андай эмес мындай кылалы" деп чыгып, бийликке каяша айтып, жаман адатка каршы күрөшкөн бир судья болду беле? Мен 25 жылдан бери эл аралап жүрөм, андай судьяны укпаптырмын. Ошон үчүн сот системасы чирип, реформа жүрбөй жатат. Так ушундай адамдар, урматтуу Айбек мырза, сот системасынын ичинен чыгышы керек. Мына, сиздин кесиптештериңиз, бул жерде отурган адвокаттар бир ай мурун айтты эле. Айбек мырза жакшы судья элеңиз дешип. Эсил кайран деп коштошкондой, жаназа окугандай айтты. Ошондой эле айткам, сот системасындагы реформаны силер жасайсыңар, эгер басымга, мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке жок деп айта алсаңар, ошондо жол көрсөткөн маяк болосуңар. Ошондо судьялардын жаңы мууну силердин артыңардан ээрчийт. 600 соттун ичинен жок дегенде он судья чыгыш керек да. Тарых сизге ошондой прецедент түзгөнгө мүмкүнчүлүк берип отурат. Сиздин кандай судья экениңизди ушул кезге чейин билген жокмун. Мен эле эмес, аялыңыз, балдарыңыз да билбейт болуш керек. Ушул жараяндан кийин аялыңыз, балдарыңыз, бүтүндөй Кыргызстан билет. Кандай пикирде калат, кандай баа берет, ал өзүңүздөн көз каранды. Мен аягында айтам. Бул иш бурмаланган. Жалган жалаа. Дүйшөн экөөбүз адвокаттардын жардамы менен прокуратура, УКМКнын жалааларынын баарын жокко чыгардык. Конституция боюнча биз өзүбүздүн ак экенибизди далилдебешибиз керек, аны сиз далилдешиңиз керек. Бирок ошого карабай аны биз далилдедик.

Бүгүн Текебаев менен Чотоновго өкүм угузулары күтүлүп жатат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (NT)

XS
SM
MD
LG