Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:32

Аброр Азимов ФСБнын кызматкерлери кыйноого алышканын айтты


Аброр Азимов Москвадагы сот залында, 18-апрель 2017-жыл.
Аброр Азимов Москвадагы сот залында, 18-апрель 2017-жыл.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы быйыл апрелде болгон терактты уюштурду деп айыпталган Аброр Азимов Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын «жашыруун абагында» кыйноолорго кабылганын айтты. Бул тууралуу Republic басылмасы Азимовдун Башкы аскерий тергөө башкармалыгына жасаган кайрылуусуна шилтеме кылып жазды. Азимов аны Москвада кармашканын, андан соң камерага камашып, ФСБнын кызматкерлери кыйноого алышканын айткан.

Republic басылмасы айыпталуучунун бул сөздөрүн ырастаган башка далилдер жок экенин баса белгилейт.

Ал тапта ага-ини Акрам жана Аброр Азимовдордун адвокаттары Дмитрий жана Ольга Динзе Орусиянын Башкы прокуратурасын ФСБнын «жашыруун абагы» тууралуу маалыматты текшерүүнү суранышты. Бул тууралуу «Медиазона» агенттиги жазды.

Санкт-Петербургдун метросунда 3-апрелде болгон жардыруудан 15 киши мерт кетип, жарадарлардын саны элүүгө жеткен. Бир да террордук уюм калаба үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, терактты Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурган. Ал эми аны уюштурууга Акбар жана Аброр Азимовдордун катыштыгы бар деп камакка алынышкан. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан ага-инилер аларга коюлган айыптарды четке кагышууда.

Аброр Азимов жанында курал-жарагы менен Москва облусунун Одинцово районунда кармалганын Тергөө комитети 17-апрелде маалымдаган. Агасы Акрам Азимов андан бир нече күн мурда кармалганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG