Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Түркияда бир жылда 33 кыргызстандык кулчулукка сатылганы аныкталды


Стамбул шаары
Стамбул шаары

Түркияда 2016-жылы 33 кыргызстандык кулчулукка сатылган. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин адам аткезчилиги жана кулчулук боюнча жылдык иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдөгү маалыматтарга караганда, былтыр Түркияда 183 чет өлкөлүк жаран кулчулукка сатылганы тастыкталган. Анын 36сы сириялыктар, 33ү кыргызстандык, 23ү грузиялык, 16сы өзбекстандыктар болуп чыккан. Арасында Борбордук жана Түштүк Азия, Чыгыш Европа, Сирия, Индонезия жана Мароккодон келгендер да бар.

Дээрлик көпчүлүгү сексуалдык кулчулукка зордолгон аялдар жана балдар.

Бүгүнкү күндө Түркияда 14 миңге жакын кыргызстандык расмий каттоодо турса, бейрасмий иштеп жүргөн жарандардын так саны белгисиз. (ElB)

XS
SM
MD
LG