Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

АКШ жана Франция президенттери Парижде жолугууда


Дональд Трамп Парижге келген учур. 13-июль, 2017-жыл.
Дональд Трамп Парижге келген учур. 13-июль, 2017-жыл.

Дональд Трамп француз борборуна бүгүн келди. Ал жана француз президенти Эммануел Макрон сүйлөшүүлөрүндө Сирия жаңжалына жана терроризмге каршы глобалдык аракеттерге көңүл бурары күтүлгөн.

Ал эми эртең менен Парижде АКШ президенти Франциянын улуттук майрамы - Бастилия күнү менен байланышкан салтанаттарга катышат.

Быйылкы салтанаттарда АКШнын Биринчи Дүйнөлүк согушка кошулганынын жүз жылдыгы да эскерилмекчи.

Пью иликтөө борборунун соңку сурамжылосуна караганда, Францияда өлкө жарандарынын 14% гана Трамп дүйнөлүк иштерде туура кадам жасай алат деген ишенимде. (UE)

XS
SM
MD
LG