Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

"Кыргыз көчү" Чуңкурчакта


Бишкектин түштүк тарабындагы Арашан айылынан башталган көч Чуңкурчак жайлоосуна чейин уланды. Иш-чарага күбө болуп жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, кыргыз көчүн даңазалаган иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, өкмөт, парламенттен, жарандык коомдон өкүлдөр, туристтер, карапайым тургундар катышууда.

Анда кыргыз көчү менен бирге кыргыздын илгерки салт-санаасын, тарыхын чагылдырган театралдаштырылган оюн-зооктор келген меймандарга тартууланууда.

Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, "Кыргыз көчү" деп аталган иш-чара Кыргызстанга туристтерди тартууну, кыргыздын байыртан келе жаткан үрп-адат, салт-санаасын жайылтууну жана жаштардын атуулдук сезимин ойготууну максат кылат.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG