Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Кабулдагы чабуулду дүйнө лидерлери айыптап чыгышты


Кабул
Кабул

Ооган баш калаасы Кабулдагы немис элчилигинин жанында кеминде 80ден ашуун адамдын өмүрүн алган жардырууну дүйнө лидерлери кескин айыптап чыгышты. Алардын арасында Евробиримдик жана НАТОнун расмий өкүлдөрү бар.

"Чабуулдун курмандыктарынын жакындарына көңүл айтам. Мындай учурлар террорчулук чек араларды тааныбай турганын көрсөтөт. Террорчулук Манчестер, Берлин, Париж, Стамбул, Санкт-Петербургдан Кабулга чейин баардыгыбызды бутага алууда",-деди немис канцлери Ангела Меркел.

Ооган президенти Ашраф Гани жардырууну "коркоктордун чабуулу" деп атады.

Полиция Кабулдун эң коопсуз делген чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан аймагында таң эрте бомба салынган жүк ташуучу унаа жарылганын билдирди.

Бул окуядан Түркия, Кытай, Жапония, Индия жана Казакстандын элчиликтерине зыян келгени, баш аягы 350дөй киши жаракат алганы кабарланды. Кандуу чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек.

XS
SM
MD
LG