Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Путин киберчабуулдар боюнча айыпты кайрадан четке какты


Орус президент Владимир Путин
Орус президент Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Америкадагы өткөн жылкы президенттик шайлоого кийлигишти деген айыптарды кайрадан четке какты. Ал Франциянын "Ле Фигаро" гезитине курган маегинде былтыр АКШнын Демократиялык партиясынын электрондук почталарын бузуп кирген хакерлер орус тарапка тиешеси жок экенин айтты. Ошондой эле киберчабуулдар тууралуу мындай маалыматтарды шайлоодо жеңилген тарап чыгарды деп кошумчалады.

Андан мурда АКШ президенти Дональд Трамп "демократтар жалган маалыматтардын айынан шайлоодон утулдук деген шылтоого орус расмийлери күлүп жатса керек" деп Твиттердеги барагына жазган.

АКШнын Демократиялык партиясы болсо Кремль талапкер Хиллари Клинтондун рейтингин түшүрүү максатында хакердик чабуулдарды уюштурган деп ишенет.

XS
SM
MD
LG