Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Трамп Орусия санкциясы боюнча чечимге келе элек


Президенттер Трамп менен Путин буга чейин телефондон бир нече ирет сүйлөшкөн. Бирок качан көзмө-көз жолугары белгисиз.
Президенттер Трамп менен Путин буга чейин телефондон бир нече ирет сүйлөшкөн. Бирок качан көзмө-көз жолугары белгисиз.

АКШ президенти Орусияга каршы мурдагы администрация тушунда киргизилген санкцияларды сактоо же жоюу маселеси боюнча бир чечимге келе элек. Бул тууралуу администрациянын өкүлдөрү Брюсселдеги кечээги сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиришти. Ал аралыкта Трамп өзү НАТО жыйынында сүйлөгөндө “Орусия коркунучун” альянс көңүл бурушу зарыл маселелердин бири катары атады.

Дональд Трамп Орусияга каршы анын Украинадагы аракеттери үчүн мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы тарабынан киргизилген санкцияларды сактоо же жоюу маселеси боюнча позициясын али аныктай электиги Евробиримдиктин лидерлери менен бейшемби күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин айтылды.

Ак үйдүн экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Гэри Коэн билдиргендей, Европанын лидерлери 25-майда Трамп менен Брюсселде жолукканда анын Орусияга каршы санкциялар боюнча пландарын сурашты. Трамп өз кезегинде азырынча бир чечимге келе электигин айтып жооп берген.

Ак үйдүн кеңешчиси да кабарчылар менен маегинде "биздин позициябыз азырынча аныктала элек, президент бир нече вариантты караштырууда” деп белгиледи.

Ал эми АКШ жана Евробиримдик лидерлери ортосунда Орусия боюнча толук мунаса жоктугун Брюсселдеги сүйлөшүүдөн соң Еврокеңештин президенти Дональд Туск ачыктаган:

- Украина жаңжалына келгенде багытыбыз бирдей көрүнгөнү менен, Орусия боюнча орток турумубуз, орток көз карашыбыз бар деп айтууга 100% ишене албайм.

Туск АКШ президенти менен жолугушуусу артынан Чоң жетинин 26-майда Италияда саммитке чогулган лидерлерин Орусияга каршы санкцияларды сактоого чакырды.

Трамп өзү президенттикке талапкер кезинде, эгер шайланаса, Орусияга каршы санкцияларды алып салууну карап көрөрүн, атүгүл Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары таанырын да ишара кылган эле. Бирок анын администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү Орусия өзү АКШны буга түрткөн кадамдарды жасамайынча санкциялар күчүндө каларын айтып келишет.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин азыркы администрация Орусияга каршы санкциялар Крым Украинага кайтарылмайынча жоюлбайт деп ырастаган жагы бар.

Мамлекеттик департамент болсо АКШ дипломатиясынын башчысы Рекс Тиллерсон менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 10-майда Вашингтондогу кездешүүсүндө санкциялар Москва буга алып барган иштерин жокко чыгармайынча күчүндө калары айтылды деп маалымдаган.

Орусия Крымды референдум аркылуу аннексиялагандан кийин АКШ менен Евробиримдик санкцияларын 2014-жылы бөлөк-бөлөк киргизишкен. Андан бери санкциялардын мөөнөтүн узартып келишет.

Бул аралыкта президент Дональд Трамп 25-майда, НАТОнун жогорку деңгээлдеги бейформал жыйынында Орусияны альянс көңүл буруусу зарыл болгон коркунучтардын бири катары атады:

- НАТО келечекте башкы көңүлдү терроризмге, иммиграцияга, Орусиядан, чыгыш жана түштүк чек араларынан келген коркунучтарга бурушу керек. Мына ушул коопсуздук көйгөйлөрү мен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана альянстын мүчөлөрү менен ачык сүйлөшкөн себептер. НАТОнун мүчөлөрү да акыр аягында адилет салымын кошуп, каржылык милдеттенмелерин аткарышы керек.

Трамптын күйөө баласын текшерүү

Азыр АКШда Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен былтыркы ыктымал байланыштарын иликтөө улам тереңдеп баратат. 25-майда ФБР президент Трамптын бир тууган күйөө баласы, азыр Ак үйдүн кеңешчиси Жаред Кушнерди да текшерип жатканы билинди.

“Вашингтон Пост” гезити жана Эн-Би-Си телеканалы өз булактарына таянып маалымдагандай, Кушнер былтыр Орусиянын элчиси Сергей Кисляк жана санкция салынган мамлекеттик Внешэкономбанктын төрагасы Сергей Горьков менен жолукканы үчүн текшерилүүдө. Бирок ага болгон кызыгуу Кушнер кандайдыр бир кылмышка шектелип жатат же ага айып коюлат дегенди туюндурбайт.

Жаред Кушнер
Жаред Кушнер

Кушнер өзү буга чейин Орусия өкүлдөрү менен жолугушуулар боюнча билген маалыматтарын Конгресс менен бөлүшкөн.

Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен былтыркы ыктымал байланыштарын ФБР жана Конгресстин бир нече комитети иликтөөдө.

Өткөн аптада АКШнын ФБР да курамына кирген Юстиция министрлиги иликтөөнүн көз карандысыздыгын күчөтүү үчүн атайын прокурор да дайындады. Мындан улам жеке өзү да адвокат жалдаган президент Трамп шек саноолорду четке кагып, анын шайлоо штабы менен Орусия өкүлдөрү ортосунда күмөндүү жана мыйзамсыз байланыштар болгон эмес деп буга дейре бир нече ирет ырастаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG