Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Түркия билим берүүдө жаңы мекеме сунуштады


"Айчүрөк" кыздар лицейи
"Айчүрөк" кыздар лицейи

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жолугушкан учурда айтылды. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Турсунбеков менен Йылдырымдын Стамбулдагы жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү талкууланды. Анда Йылдырым билим берүү тармагындагы кызматташтыкка токтолуп, мурдагы "Себат" билим берүү мекемелеринин тегерегиндеги маселелер эки өлкөнүн мамилелерине өз таасирин тийгизгенин билдирди. Анда түрк өкмөт башчысы Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы форматтагы кызматташууну сунуштап, бул жаатта мамлекеттик "Маариф" билим берүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүнөн кеп салган. Чыныбай Турсунбеков Түркияга Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахрамандын чакыруусу менен барган.

Түркиянын бийлиги былтыр жайында ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштү уюштуруунун артында АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлен турганын жарыялаган. Ошондой эле анын "Хизмет" кыймылына таандык делген 1043 жеке менчик мектепти, 35 саламаттыкты сактоо мекемесин, 1229 фондду жана бирикмелерди жапкан.

Кыргызстанда Гүлендин кыймылынын жолдоочулары түздү делген окуу жайлар, маданий жана кайрымдуулук жаатында иш алып барган уюмдар бар. Алардын эң ириси “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси апрелде "Сапат" болуп өзгөртүлгөн.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өткөн жылдын 24-июлунда башка өлкөлөрдөй болуп Кыргызстан да түрк бийлигин колдоп “гүленчилерге” мамилесин өзгөртпөсө, эки өлкөнүн алака-катышына терс таасири тиет деп эскерткен болчу.

Тышкы иштер министрлиги Түркия тараптан Кыргызстандагы менчик түрк мектептери тууралуу кайрылуусун алганын, бирок кыргыз тарап аны кунт коюп иликтеп, зарылчылык болсо, тиешелүү чараларды көрөрүн маалымдаган. (КЕ/ВкА)

XS
SM
MD
LG