Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

Тажикстандагы кыргыздардын көйгөйү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү


Тажикстандагы Жерге-Тал айылынын тургундары.
Тажикстандагы Жерге-Тал айылынын тургундары.

Тажикстандагы кыргыздар байырлаган жер-суу аталыштарынын тажик тилине которулуп жатышы кыргыз парламентинде көйгөй катары көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев бейшемби күнү кесиптештерине кайрылып, бул маселеге олуттуу көңүл бурууну, тажик тарап менен сүйлөшүүнү сунуштады.

"Алар байыртан бери келаткан аталыштар. Буга көз жуумп коюуга болбойт. Тажик элчилиги менен бул маселеде пикир алышсак деген ниетибиз бар. Өкмөт дагы өз тармагы боюнча иштиктүү чараларды көрүшү зарыл", - деди Иманалиев.

Ошондой эле депутат Тажикстанда май айынын башында болгон жер титирөөлөрдөн этникалык кыргыздар жабыркаганын айтып, Жогорку Кеңеш аларга жардам бериши керектигин белгиледи.

Тажик өкмөтү 2016-жылдан тарта бир катар район-шаарлардын атын өзгөртө баштаган. Тажикстанда Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда негизинен кыргыздар жашайт. Мындан сырткары Баткенге чектеш Согду облусунда да кыргыздар көп жашаган бир канча айыл-кыштактар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG